Махмуд Ахмадинежад кол койгон мыйзам Ирандын Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ менен кызматташтыгын чектейт. Документте ошондой эле Ирандын уран байытууну улантуу мүдөөсү айтылган.
Мындан бир нече күн мурда эле АКШ Иранда Орусиянын катышуусу менен курулган Бушер АЭСнин ишке кирип жатышы жана Москванын бул станцияны өзөктүк отун менен камсыздоо убадасы Тегеранды уранды өз аймагында байытуу муктаждыгынан арылтарын билдирген эле. Ал эми Ирандын атомдук энергия боюнча мекемесинин башчысы Али Ахбар Салехинин кечээги жарыясына караганда, Иран тоо арасында уран байытуу боюнча жаңы жайларды курууну пландоодо.
Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасоого умтулуп жатат деп шек санайт. Иран бийлиги болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келүүдө.