Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Айрым кыргыз-казак өткөрмө бекеттерин жабуу маселеси көтөрүлүүдө


Күркүрөө, Жайыл, Каркыра, Камышановка жана Чоң-Капка өткөрмө бекеттерин биротоло жабуу сунушун Казакстан көтөргөн. Казак тарап муну аталган чек ара бекеттеринен адамдар өтө сейрек өткөнү менен түшүндүрүп, алардын зарылчылыгы жок экенин айтышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” маалымдаган Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева учурда казак тараптын бул сунушу каралып жаткандыгын, бирок бул жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жетекчилер менен чечилиши керектигин белгиледи. Бул маселесин жеңилдетилген, башка жолу каралышы ыктымал.

Ошондой эле Казакстан Кыргызстанга кошумча өткөрмө бекетин ачууга даяр экенин “Новости-Казакстан” агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, бул тууралуу 16-августта Кыргызстанга гуманитардык жардам берүү маселесин караган жыйында Казакстандын премьер-министри Карим Масимов билдирген. Бирок учурда Чек ара кызматы мындай маалымат жоктугун, кошумча өткөрмө бекеттин кайсы жерге ачылышы белгисиз экенин кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG