Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Дүйнөлүк банк Пакистанга 900 миллион доллар насыя берет


Дүйнөлүк банктын жарыясына караганда, селге кабылган Пакистандын өкмөтү бул эл аралык каржы уюмунан 900 миллион доллар өлчөмүндө колдоо көргөзүүнү суранган жана банк бул өтүнүчтү канааттандырат. Мындай жарыя Улуттар уюму акыркы 80 жыл ичиндеги эң оор жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан 20 миллиондой пакистандыктын бир бөлүгүнө чукул жардам көргөзүү үчүн эл аралык донорлордон 460 миллион долларды азырынча чогулта албай жатканын билдирген кезде жазалды. Ошол эле учурда Улуттар уюму Пакистанда 3,5 миллиондой жаш баланын суу менен келүүчү жугуштуу илдеттерге кабылуу коркунучу бардыгын эскертти.

Пакистандык расмий өкүлдөр селден кийинки калыбына келтирүү иштеринин чыгымы болжолдуу эсептер боюнча 10-15 миллиард долларга жетүүсү мүмкүн экендигин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG