Өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү, азыркы кыйын абалдан чыгуу максатында каатчылыкка каршы план бекитилди. Ага президент Роза Отунбаева кол койду. Ага ылайык атайын иш-чараларды өткөрүү, бардык тиешелүү органдарды өздөрүнүн каатчылыкка каршы планын иштеп чыгуу жана аны бекитүү, ар бир айдын 10-күнүнөн кечиктирбей отчет берип туруу тапшырылды. Ал эми каатчылыкка каршы пландын ишке ашуусу боюнча жалпы маалымат алуу Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлдү. (КЕ)