Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Түркия президенти А. Гүл Азербайжанда иш сапарда


Президент Абдулла Гүл Азербайжанда эки өлкө ортосундагы кызматташуу жана түштүк Кавказда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Түркия президенти Бакыга дүйшөмбүдө келип президент Алиев менен жолукту. Эки президент Азербайжан-Түркия ортосундагы «стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара кызматташуу» тууралуу келишимге кол койду. Маалымат жыйында түрк президенти түштүк Кавказ аймагында бейкуттукту орнотуу, Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү, чек ара экономикалык кызматташуу тууралуу айтты. Абдула Гүл Азербайжандын премьер министри Артур Расизаде, парламент спикери Огтай Асадов жана Кавказ мусулмандарынын баш муфтийи Аллахшүкүр Пашазаде менен жолукту.

XS
SM
MD
LG