Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Бишкекте HRW уюмунун баяндамасына каршы митинг өттү


Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына он чакты адам чогулуп, Human Rights Watch уюмунун түштүктөгү окуялар боюнча баяндамасына каршы пикирлерин билдиришти. Чогулгандар аталган уюм эч кандай фактыларга таянбай, үстүртөн иликтенген деп эсептешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингдин катышуучуларынын бири Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Ошондой эле алар уюмдун окуяга бийликтегилердин да кандайдыр бир тиешеси бар болгон жана тартип коргоо органдары маалелерге кирип барган деген маалыматты негизсиз деп билдирип жатышат. Митингдин катышуучуларынын оюнда, баяндамада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, дайынсыз жоголгон фактылар калыс көрсөтүлгөн эмес. БУУнун кеңсесинин алдына чогулган топ Human Rights Watch уюмун маалыматты бир тараптуу бербей, калыс болууга чакырды.

16-августта аталган уюм түштүктөгү окуялар боюнча иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыя кылган. Баяндамада өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткенин айтылат. Ошондой эле тартип коргоо органдары өзбек коомчулугун тиешелүү деңгээлде коргоого албаганы белгиленип, өкмөттүн июндагы коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканын сындаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG