Ош шаарында 64 батирлүү төрт кабаттуу үйдү куруу боюнча тендерди «Курулуш сервис корпорация» ишканасы утуп алды. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиришинче, тендердик комиссия бардык арыздарды дыккандык менен карап чыгып, татыктуусун тандап алды.
Тартипке ылайык, тендерден утуп алган компанияга үйдү куруу иштерине даярданууга жети күн берилет. Эгер курулуш иштери кечиктирилсе, үйдү куруу тендерде экинчи орун алган компанияга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу аталган дирекциянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, көп кабатуу үй Ош шаарындагы Анар кичи районуна курулуп, коогалаңда үй-жайынан айрылган адамдарга берилет. (КЕ)