Мындай сунушун бүгүн вице премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева Жалал-Абадда социалдык жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Анын пикиринде, мындай чаралар июнь айында жабыркаган райондордо туруктуулуктун болушун камсыз кылмакчы. Өкмөт өкүлү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен биргеликте Ош, Кара-Суу жана Базар-Коргон райондорундагы жана ар кайсы улуттун өкүлдөрү билим алган мектептерге коопсуздук кызматын ачуу боюнча долбоор иштеп чыгуу пландалып жатканын белгиледи. Мектептердеги коопсуздук кызматында төрт кызматкер иштеп, аларга беш миң сомдон айлык төлөнөт. Каржы чыгымдарын ЕККУ мойнуна алат. (КЕ)