Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, жаңы окуу жылынын башталуусуна аз гана убакыт калгандыктан балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында республика боюнча “Көңүл бургула, балдар!” аттуу акция өткөрүлөт.
Маалыматка ылайык, МАИчилер аталган акцияга ата-энелерди, мугалимдерди, айдоочуларды, окуучуларды тартып, балдарды жол кырсыктарынан сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө боюнча 2258 жол кырсыгы катталып, 460 адам каза тапса, 3135 адам жаракат алды. Ошондой эле жыл башынан бери жаш балдар катышкан 440 жол кырсыгы катталып, 55 бала каза тапса, 454 бала жаракат алышкан. Буга байланыштуу МАИ кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларын эрежелерди катуу сактоого чакырууда. (IJz)