Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Пакистан бийликтери жардам дарегине жетерине ишендирүүдө


Пакистан бийликтери эл аралык коомчулуктан селден жапа тарткандар үчүн келүүчү жардам экстремисттердин колуна түшпөй турганына ишендирип жатат. Мунун алдында Улуттар уюму чукул жардам үчүн талап кылынган 460 миллион доллардын жарымы эле чогулганын билдирген эле. Мындай жагдай бир жагынан өлкөдөгү коррупция жана Талибандын таасири өңдүү көрүнүштөр менен байланыштырылууда. Бул аралыкта селден жабыр тарткандар азык –түлүк ташыган автоунаага кол салганы тууралуу маалыматтар түштү. Өлкөнүн түндүк – батыш бөлүгүндөгү провинциялардын жетекчилери дыйкандарда талаага сепкидей эч нерсе жоктугун, аларга жардам тезинен берилбесе, аймакты ачарчылык капташы ыктымалдуулугун эскертти. Пакистандагы суу ташкын үч апта мурда башталган. Андан ар кандай деңгээлде 20 миллиондой адам же ар бир тогузунчу пакистандык жабыр тартты.

XS
SM
MD
LG