Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

Ош базарынын айрым сатуучулары Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты


Бишкектеги Ош базарында иштеген элүүдөн ашуун адам Киев жана Токтогул көчөсүндөгү кичи дүкөндөрдүн алынып салынышына нааразы болушууда. Алар президент Роза Отунбаеваны кабыл алуусун талап кылып жатышат. Чогулгандар дүкөндөрдү алдырууга Ленин райондук администрациясы санкция бергендигин айтышууда. Азырынча аталган райондун бул тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы айрымдар 7-апрелден кийин Ош базарынын тегерегинде эч кандай уруксаты жок, күркөөлөрдү коюп алганын, тазалоо иштери мына ушуларда болгонун "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, учурда шаар мэри Иса Өмүркулов митингге чыккандар менен жолугушууга жөнөп кетти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG