Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Пятигорск: Оор жарадар беш киши Москвага жөнөнтүлдү


Түндүк Кавказдын Пятигорск шаарында шаршемби күнү (17-август) болгон жардырууда оор жараат алган беш киши Москвага дарыланууга жөнөтүлдү. Дарыгерлердин айтышынча, кафенин жанында токтотулган автомашинеде жарылган бомбадан отузга чукул адам жарадар болгон.

Тергөөчүлөр жардырууну террордук чабуул деп болжошууда. Бул окуядан бир нече саат мурда Түндүк Осетияда жанкечти жардырган бомбадан бир милиционер өлүп, дагы эки киши жараат алган. Пятигорск былтыр түзүлгөн Түндүк Кавказ федералдык окуругун административдик борбору.

XS
SM
MD
LG