Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Россия аскерлери Арменияда дагы 24 жылга калат


Россиялык аскерлер Арменияда 2044-жылга чейин калып, өлкө коопсуздугун камсыздоого көмөктөшөт. Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандяндын билдиришинче, 24 жылдык жаңы келишимге Россия президенти Дмитрий Медведевдин ушу жумадагы визити маалында кол коюлат.

Жаңы келишим боюнча, Россия Арменияга алдыңкы аскерий техника жана каруу жарак менен көмөктөшөт. Бул кадам Бакунун амирин тааныбаган Тоолуу Карабах боюнча Армения менен араздашып жаткан Азербайжанга жакпаганы талашсыз.

XS
SM
MD
LG