Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Ооганстанда талиптердин жашыруун түрмөсү жок кылынды


18-августта Ооган аскерлери НАТОлук күчтөр менен чогуу талиптердин Гелманд провинциясындагы жашыруун абак жайына чабуул жасашты. Жортуул учурунда абактан 27 адам бошотулуп, 13 киши, анын ичинде беш туткун өлтүрүлгөнүн жергиликтүү бийликтер маалымдады. Бирок НАТОнун жетекчилиги рейд мезгилинде 13 козголоңчу жок кылынганын тастыктап, бир да карапайым жаран өлтүрүлбөгөнүн жана туткундар түрмөдө кыйноого алынганын билдирди.

Провинциялдык бийликтин өкүлү Дуад Ахмиади согушчандар Муса Кала районундагы жашыруун түрмөдө соопчулук уюмдарынын уурдалган кызматкерлерин жана Ооган өкмөтү менен кызматташкан адамдарды кармашкан.

XS
SM
MD
LG