Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Россия Ооганстанда жоголгон саясый ордун издөөдө


Россия президенти Дмитрий Медведев Сочидеги конок үйүндө Пакистандын лидери Асиф Али Зардари, Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кездешүүдө. Төрт лидер эл аралык коомчулукту Пакистандагы суу ташкында жапа чеккен элге кеңири колдоо көрсөтүүгө чакырган кайрылуу жасаары күтүлүүдө. Кездешүүдө Ооганстандагы маң аткезчилиги, терроризмдин регионго коркунучу сыяктуу маселелер да талкууланмакчы.

Президент Медведев жолугшуу учурунда Ооган лидерине колдоосун билдирди:

- Россия Ооганстандын өлкөдө тынчтык орнотуу жана акыркы жылдары бет келген кыйынчылыктарды жеңүү аракетин шыр колдойт. Арийне, биз Ооган өкмөтүнүн терроризмге каршы күрөшүн колдойбуз жана бул ишке колдон келишинче түрдүүчө жардамдашабыз.

Москва 1989-жылы советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылып кеткенден кийин региондо жоготкон таасирин калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө, дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG