Июндагы улут аралык жаңжаал учурунда Оштон Түркмөнстандын 650дөй студенти чыгып кеткен эле. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн чыгышындагы Лебап облусунан. Өткөн аптада жергиликтүү чиновниктер студенттерден окуусун улантуу үчүн Кыргызстанга кайтып барбоо жөнүндө тил кат жазып берүүсүн талап кылып жатканы белгилүү болгон. Эми айрым студенттердин ата –энелери “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиришкендей, ата –энелер баласынын Кыргызстанда аман –эсен жүрүшү үчүн кагаз жүзүндө өздөрү жоопкерчилик алгане шартта, бийликтер алардын кайтып барышына бут тоспоого көнүштү. Ага катар ата –энелерге Кыргызстанга кайра баруучу студенттер өлкөнүн билим берүү министрлигинде катталбасын, кийин дипломдору таанылбай турганын айтышкан. Түркмөнстандын билим берүү министрлигинин ысымын атагысы келбеген өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун түркмөн кызматына соңку жылдары Кыргызстандан билим алып келген 4 миңдей студент азыр өлкөдөн чыга албай калганын маалымдаган. Былтыр түркмөн бийликтери жүздөгөн студенттеринин Бишкекте, Борбор Азия Америка университетинде окуусун улантуусуна тыюу салышкан болчу. Бирок кийинчерээк айрымдарына окуусун Болгарияда улантууга уруксат беришкен.