Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Молдовада Жогорку сот четтеги шайлоо бекеттери көбөйтүлүшүн колдоду


"Эркин Европа/Азаттык” радиосунун молдован кызматынын маалыматына караганда, Жогорку Сот өкмөттүн өлкөнүн четтеги дипломатиялык миссияларында дагы ондогон шайлоо бекеттерин уюштуруу боюнча чечимин колдоду. Молдовада 5- сентябрга конституциялык референдум белгиленген. Азыр бийликте турган батышчыл өкмөттүн адатта Молдованын элчиликтеринде ачылуучу 33 шайлоо бекетине кошумча дагы 45ти уюштуруу жөнүндөгү чечимин оппозициядагы Коммунисттик партия сотко берген. Референдумду бойкоттоого ниеттенип жаткан коммунисттер батышчыл өкмөттү четтеги добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоону көздөйт деп айыптоодо. Жаңы шайлоо бекеттеринин көбү Молдованын элчилиги жок Европа мамлекеттеринде ачылмакчы. Сыртта иштеген молдовандардын саны жүз миңдеп саналат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жакында молдован өкмөтүн ири сандагы эмгек мигранттарынын саясий укуктары сакталышына шарт түзбөй жатканы үчүн сынга алган. 5 –сентябрдагы референдумга өлкө президентин парламент же эл шайлоосу керекпи деген маселе коюлган. Бул өлкөнү бир жылдан бери уланып жаткан саясий жана конституциялык туңгуюктан чыгаруучу жол катары каралууда. Референдумдун артынан ноябрда жаңы парламенттик шайлоо өтөрү да күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG