Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

АКШ акыркы күжүрмөн бригадасын Ирактан чыгарды


АКШ аскерлеринин акыркы күжүрмөн бригадасы Ирактан өлкөгө кол салынгандан дээрлик жети жарым жылдан кийин чыгып кетип олтурат. Жөө аскерлердин экинчи дивизиясынын төртүнчү бригадасынын соңку бөлүктөрү Ирактын чек арасынан Кувейтке шаршембиден бейшембиге караган түнү өттү. Пентагондун билдиргенине караганда, АКШнын Ирактагы аскерий миссиясы мурда мерчемделгедей эле ушул айдын соңунда расмий аяктайт. Бирок Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроули белгилегендей, АКШнын Ирактагы иштери аяктоочу мөөнөт али алыс. Алдыда ал көбүнесе жарандык багытта болот. Кечээ Иракка АКШнын жаңы элчиси Жеймс Жеффри барды

Ал эми кызмат мөөнөтү аяктаган элчи Кристофер Хилл Вашингтондоу Тынчтык институтунда сүйлөгөн учурунда буларды айтты:

-Абдан чиеленишкен жана толук канаатандырарлык деңгээлде болбой турган коопсуздук кырдаалынын оңолуусу уланат. Ирактын күчтөрү коопсуздук көйгөйлөрү менен алектенүүгө жөндөмдүү. Алар да көйгөйлөргө учурайт, катачылык кетирет. Биз сыяктуу эле өз жаңылыштыктарынан үйрөнөт. Менимче, сиздер коопсуздук кырдаалынын оңолушуна күбө болосуздар.

Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, азыр Иракта 56 аскер калды. Аскерий милдеттер расмий аяктоочу 31-августка чейин бул цифра 50 миңге түшүүсү керек. Алар 2011 –жылдын соңуна чейин ирактык аскерлерди окутуп, машыктыруу милдетин аркалайт.

XS
SM
MD
LG