Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:25

Б. Акаева: Убактылуу өкмөт мыйзамды одоно бузду


Экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева атасынын кол тийбестигин алган өкмөттүн декретин тааныбай тургандыгын билдирди. Ал учурда кыргыз бийлигин сабатсыз адамдар жетектеп жатканын жана Аскар Акаевдин кол тийбестигин калыбына келтирүү үчүн эл аралык сотко чейин кайрыла тургандыгын айтты.

Убактылуу өкмөт 13-августта Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алып, ага Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева кол койгон. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылган. Башкы прокуратурага Аскар Акаевди Орусиядан Кыргызстанга алып келүү жана жоопко тартуу милдети жүктөлгөн. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев "Азаттыктын ” Москвадагы кабарчысына берген маегинде бул декреттин мыйзамсыз, Конституцияга карама-каршы документ экенин, мурдагы президентти айыптаганга бир гана Жогорку Кеңештин укугу бар экенин белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG