Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

ЕККУнун кеңешчи тобу боюнча бир пикирге келүү аракети байкалууда


ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу маселесине арналган жыйында анын кригизилишине каршы жана макул тараптар кеңешчи тобунун миссиясын жана бул уюмдун дүйнөнүн башка жерлериндеги ушул сыяктуу тажрыйбаларын талкуулап, алардын Кыргызстанга келиши тууралуу өздөрүнүн аргументтерин айтып жатышат. Анда полициялык кеңешчи тобун өлкөнүн түштүгүнө жибербестен Бишкекте калтырып, күч органдарынын кызматкерлерин борбордон окутуу сунушу каралууда. Талкууга байкоочу катары Европа Биримдигинен Флоранс Мартиросян жене Елена Вазгуез катышып жатат.

Полициялык кеңешчи топту киргизүүгө “каршы” деген тарапта саясий жана коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Мыктыбек Абдылдаев жана ички иштер министринин биринчи орун басары Мелис Турганбаев, “макул” болгондор тарабында тышкы иштер министринин кеңешчиси Авазбек Атаханов, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, ички иштер министрлигинин илимий изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров жана ЕККУнун өкүлү бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG