Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:55

БУУ Пакистанга жардам чогултууда


Селден жапа чеккен Пакистанга каржылык жардамды көбөйтүү жана тездетүү үчүн бүгүн бир катар өлкөлөр жыйын курууда. Башкы ассамблеядагы кеңешмеде жалпысынан 36 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон сөз сүйлөгөн жатат. Башкатчы Пан Ги Мун ассамблеяга Пакистанга жекшембиде жасаган сапары боюнча маалымат берип, селден жабыр тарткан 20 миллиондой кишинин гуманитардык муктаждыктарына токтолот. БУУнун эсебинде, чукул жардам үчүн 460 миллион доллар тезинен талап кылынат. Кечээ күнгө карата Улуттар уюму акчалай жана акчалай эмесин кошкондо бул сумманын 54,5%ы жыйналганын билдирди. Евробиримдик кошумча 30 миллион евро ажыратарын жарыялоо менен жардамынын жалпы көлөмүн 70 миллион еврого чыгарды. Сел башталгандан бери 90 миллион доллардык колдоо көргөзгөн АКШда бүгүн кошумча жардамын ачыктаган жатат.

XS
SM
MD
LG