Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Ошто чогулгандар бийлик имаратына кирүүгө аракет жасашты


Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, Оштун борбордук аянтына чогулган мэр Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери облустук бийлик имаратына кирүүгө аракет жасашып, бирок милиция аларга жол берген жок. Мыйзам бузгандарга катуу чаралар көрүлөөрү эскертилген соң мэрдин колдоочулары кайра аянтка кайтышты. Жогорку бийлик мэрди кызматтан алат экен деген сөздөрдөн улам чогулган мэрдин тарапкерлери президент анын себебин өзү түшүндүрүп берүүсүн талап кылып, эгер Мелис Мырзакматовду кызматтан алса мамлекет башчысын кетирүү талабы менен акцияларга чыгаарын айтууда.

Чогулгандардын алдына чыккан Оштун биринчи вице-мэри Таалай Сабиров Мелис Мырзакматов азыр Бишкекте жогорку бийликтегилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгын бүгүн кечке жуук өзү кабарлаарын айтты. Оштун борбордук аянтына топтолгондордун катары калыңдап, азыр беш жүздөн ашып калды.

Президенттин маалымат кызматы азырынча Мелис Мырзакматовго байланыштуу кандайдыр бир чечим чыккан-чыкпаганы тууралуу эч кандай маалымат тарата элек. (SM)

XS
SM
MD
LG