Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Оштогу митинг тарай элек


Аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин кабарлашынча, шаардын борбордук аянтына топтолгондор мэр Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин катары калыңдап, кечке жуук төрт миңге чамалады. Алардын алдына чыккан биринчи вице-мэр Таалай Сабиров Мелис Мырзакматов менен азыр эле байланышканын, ал жогорку бийликтегилер өз каалооң менен арызыңды жаз деп жатышканын, бирок ал мен эл тараптамын деп көнбөй койгонун жарыялады.

Чогулгандар Мелис Мырзакматовдун өз үнүн укмайынча тарабастыгын айтышууда. Президенттин маалымат кызматынан азырынча Мелис Мырзакматовдун кызматына байланыштуу кандайдыр бир чечим чыккан-чыкпаганы тууралуу эч кандай маалымат жоктугун "Азаттыкка" билдиришти. (SM)

XS
SM
MD
LG