Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Энергетика министри Ош менен Жалал-Абадды кыдырууда


Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев иш-сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, аймактын кышка даярдыгын текшерүүдө. Кечээ ал Ош шаарында болуп, борбордук ТЭЦтин абалы менен таанышып чыкты. Текшерүү учурунда Ош шаардык ТЭЦинде генератор түтүктөрү жана мештер оңдолуп, кышында шаарды жылуулук менен камсыз кылууга даяр болуп калганы аныкталды. Ошондой эле мазут сактоочу жайларды оңдоо керектиги, ТЭЦтин техникалык коргонуусун чыңдоо зарылдыгы белгилүү болду. Бүгүн министр О.Артыкбаев Жалал-Абад облусунда болмокчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG