Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

АКШда Э.Абдыжапаровдун чыгармачылык кечелери өттү


АКШнын Нью-Йорк, Лос Анжелес, Вашингтон жана Филадельфия шаарларында кинорежиссер Эрнис Абдыжапаровдун чыгармачылык кечелери өттү. 6-15-август аралыгында өткөн чыгармачылык жолугушуу кечелерин АКШдагы “Кыргыз Клаб” бирикмеси уюштуруп, ага Кыргызстандын АКШдагы элчилиги көмөк көрсөттү.

Кинорежиссер Э.Абдыжапаров АКШдагы кыргызстандыктар менен өзүнүн чыгармачылыгы, Кыргызстан тууралуу ойлору менен бөлүшүп, жолугушууга келгендерге өзүнүн кыска метраждуу “Троллейбус” жана толук метраждуу “Махабат туткунундагы ууру” (Влюбленный вор) аттуу тасмаларын көргөздү. Ошондой эле кинорежиссер Ысык-Көл өрөөнүндө кыргыз “Голливудун” түптөө тууралуу идеясы бар экенин айтып, башталгыч катары кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлге чыгара турган көркөм тасма жаратууга ниеттенип атканын билдирди. Ал эми АКШдагы кыргызстандыктар аталган тасманы жаратууга салым кошуу үчүн каражат топтой турганын айтышты. Бул тууралуу АКШдагы “Кыргыз Клаб” бирикмеси билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG