Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:37

Армения менен Орусия аскерий келишим түзүүдө


Орусиянын аскерий базасынын Армения аймагында 2044 –жылга чейин туруусун караган келишимге Ереванда кол коюлары күтүлүүдө. Ал жерде орус президенти Дмитрий Медведев эки күндүк иш сапары менен жүрөт. Армян тышкы иштер министри Эдуард Налбандиандын айтымында, келишим боюнча Орусия Армения курал-жарак, заманбап аскерий жабдуулар менен камсыздайт. Бул жаңылыкка карата коңшу Азербайжан расмий мамилесин билдире элек.

XS
SM
MD
LG