Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Коомдук парламент: “Шайлоонун жарыяланышы мыйзамсыз”


Кайрадан жаңы түзүлгөн коомдук парламент бүгүн алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда парламент өкүлдөрү 10-октябрда боло турган шайлоону мыйзамсыз деп тааныды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Урмат Акунов кабарлады. Анын айтымында, Коомдук парламент Баш мыйзамдын 7-беренесине таянып ушундай чечимге келген. “Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Конституциянын 70-беренесинин талаптары менен жүргүзүлөт деп жазылып турат. Ал эми 70-беренеде шайлоо мөөнөтүн жарыялоо конституциялык мыйзамдардын негизинде болот деп көрсөтүлгон. Бизде Констутуциялык Сот жок, Шайлоо Кодексинин негизинде гана жарыяланып калды”, - дейт У.Акунов. Коомдук парламенттин алгачкы отурумуна 27 адам катышты. Алар соңунда резолюция кабыл алып, аны элге жайылтуу чечими чыгарылды.

Коомдук парламент 2007-жылкы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин негизделип, курамына саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү кирген. 7-апрель окуяларынан кийин коомдук парламенттин бир катар мүчөлөрү Убактылуу өкмөткө жана партиялык жумуштарга кеткендигине байланыштуу анын иши токтоп калган. Азыр кайрадан куралган жаткан коомдук парламент Бегиш Аматов, Мукар Чолпонбаев, Касымбек Райымкул уулу сыяктуу 50 кишиден турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG