Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Тажикстан Меккеге баруучу адамдарга жаш өзгөчөлүгү боюнча чектөө киргизди


Тажикстандын Дин иштери боюнча өкмөттүк комитетинин Ажылык департаментинин башчысы Абдугаффор Юсупов “Азаттыктын” тажик редакциясына айтканына караганда, быйыл Меккеге 18 жаштан 80 жашка чейинки жарандар бара алышат. Дагы бир өзгөчөлүк – эми алар кирешеси жөнүндө документ көрсөтүшү лаазым. Юсупов бул өзгөрүүлөрдү Тажикстанда ажылыкка барууну каалагандардын саны кескин өскөнү менен түшүндүрдү. Маселен былтыр өлкөгө Сауд Арапстан 5000 зыяратчы үчүн квота бөлгөн болсо, быйыл алардын саны 500 адамга көбөйдү. Тажикстандыктар быйыл ноябрда болчу ажылык сапар үчүн 3200 доллар төлөшөт. Бул, былтыркыга салыштырмалуу, 150 долларга аз дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG