Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Израил менен Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантышат


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон бүгүн жарыялады. Анын айтымында, Израил жана Палестинанын тынчтыкка келүү сүйлөшүүлөрү Вашингтондо өтмөкчү. 2-сентябрга белгиленген расмий сүйлөшүүлөрдө көп жылдардан бери чечилбей келаткан чек ара, Иерусалимдин статусу жана палестиналык качкындар боюнча маселелер каралмакчы. Израил менен Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жанданышын АКШ, Европа Биримдиги, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюму колдоп келишти.

XS
SM
MD
LG