Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Жалал-Абаддан көчүп кетип жатышат


Аймакта сырт жактарга кеткендердин агымы азайбай жатат. Адамдарды жашаган жерин которууга эртеңки күнгө ишенимдин жоктугу жана жашоонун начардыгы мажбурлоодо.

Облустук эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция башкармасы болсо, жыл башынан бери эки миңдей адам жумушка жайгаштырылганын айтат.

Жалал-Абадда өткөн айларда болгон баш аламандыктардан кийин облустан кетип жаткандардын саны көбөйдү. Алардын журт которуусуна бир чети Россияда кыргызстандыктарга үч айга дейре атайын уруксат кагазы жок жүрүүгө укук берген эки өлкөнүн келишими өбөлгө түзүүдө. Ишке жайгаштыруу жана миграция башкармалыгынын талдоосу соңку эки айда миграция былтыркыдан 6-7 эсе өскөнүн көрсөткөн. Жарандар мунун себебин коопсуздук маселеси менен байланыштырууда. Бирок башкарма жетекчиси Байыш Саипов ушу тапта тынчтык өкүм сүргөндүктөн тынчсызданууга жүйөө жок экенин ырастайт:

- 10-июндан бери чыгып кеткендерди анализ кылып көргөндө, 4200 адам чыгып кеткен да. Ай сайын анализ кылганда эки айдын ичинде алты-жети эсе өскөн болуп жатат. Улуттар боюнча бөлүп караганда бир жерге барып орношуп паспорт каттамынан чыгып кеткендерди анализдегенде кыргыздар 268, өзбектер 680, башка улуттагылар 140 адам.

Миграциянын өсүүсүнө өлкөдөгү саясий туруксуздук да кандайдыр бир деңгээлде таасир этүүдө. Чет жактарга айрыкча жаштардын агымы күчтүү. Эл арасы болсо, бүшүркөө, эртеңки жашоого ишенбөө сезиминен арылган жок. Облуста иштеп тапкан каражат менен үй- бүлөнү камсыздоо, имарат куруу , кара курсакты багуу мүмкүн эмес. Жогорку билимдүү жаштарга иш орундары чектелүү болгон мамлекеттик ишканалардан жумуш тийбейт. Көкөлөп бараткан кымбатчылык да жашоону оорлотууда.

- Аз айлык менен жашоо мүмкүн эмес, ал электр жарыгы акысы менен тамак-ашка жетпейт. Себеби, көп айлык табуунун айынан кетип жатышат. Жалал-Абад, Ош аймактарында коопсуздуктун айынан, чочулоонун айынан , үмүттүн жоктугунан кетип атышат,- деди Жалал-Абаддагы “ Жаш жарандарды өнүктүрүү” корунун башчысы Мураталы Үчкемпиров.

Бөлөк жакка жалаң эле жумушсуздар кетип жаткан жери жок. Алар менен кошо иши бар кишилер да сырт жакка кетүүгө документтерин камдап жүрүшөт. Бажан атуу жаран айткандай, аларды бүдөмүк келечек жана бала-чакасынын коопсуздугу чоочутууда. Анткени май, июнь айларындагы тополоң кыйланын жүрөгүнө бүлүк салган. Анын изи сууй электе алдыда күтүлгөн парламенттик шайлоонун да тынч өтөөрү да күмөн . Шайлоодо кооптуу жагдай күчөшү мүмкүн . Андан калса, эл ичиндеги жүйөөсүз ушак-айыңдар менен журналисттер иликтебей жазган коркунучтуу окуялар, шайлоого аттанган партиялардын көптүгү үрөйдү учуруп, кимге болсо да, тынч жайды саматкан чагы:

- Мунун негизги себеби Кыргызстандагы саясий абал. Саясий абал баарын коркутууда. Буга дейре мынча кетүү болгон эмес. Өздөрү менен балдарынын келечегинен коркут кетип атышат. Шайлоолор турат, ал да коркунучтуу, ага элүүдөн ашык партия катышат деп атат. Менин оюмда, алардын бирөөсү да мыйзам менен иш жүргүзбөйт, азыртан эле угуп атабыз партиялар бири бири менен кырылышып атканын, кийин курал коштолушу мүмкүн. Ошондуктан эртеңкиге ишенбестен Кыргызстандын келечеги жок экендигин ойлоп кетип атышат деген ойдомун.

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик шайлоонун тынч өтөт деп ишендирүүдө. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Козуев жарандардын жер которуусуна саясий кампания эмес, коопсуздук менен жумушсуздук шарт түзөөрүн белгиледи:

- Түштүк аймакта кооптонуу бар, бул бир эле элде эмес, бийликте да бар. Партиялар арасында конкуренция чоң болот . Буга мамлекеттик бийлик тарабынан катуурак чара көрүлүшү керек деп ойлоймун. Бардык жерде коопсуздук чаралары жасалып атат. Шайлоо тынч өтөт деп ишенем. Ага мамлекеттик бардык уюмдар күч структуралары даярдык көрүп атышат, - дейт Бакыт Козуев
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG