Манхэттендин ылдыйкы бөлүгүндөгү 11-сентябрда жок кылынган «Эгиз мунарага» жакын жерде Мусулман маданий борборуна каршы болгондор көчөгө жыйылып нааразычылык акцияларды өткөрүүдө. Ал жерден эки көчө өтүп, башка адамдардын тобу элди толеранттуулукка жана дин эркиндигине чакырган митингге чогулду. Нью-Йорк полициясы коопсуздук чараларын көрүп, атайын тосмолорду орнотту, азырынча кагылыш тууралуу малымат жок. «Эгиз мунаралардын» ордуна чукул жерде ичинде намазканасы менен ачыла турган Мусулмандар борбору өтө талаштуу маселеге айланды. Ал борборду АКШ президенти Б.Обама колдосо, республикачылар караманча каршы маанайда.