Ош облусунун Кара-Суу районундагы тажик диаспорасынын жетекчиси Нажимидин Хамидовдун билдиришинче, райондун Правда айылында мектептин директору тажик улутундагы биринчи класска барчу балдардын ата-энелерине быйыл тажик класстары ачылбай тургандыгын билдирген. Ал мындай тапшырма жогору жактан - билим берүү министрлигинен берилгенин айткан. Билим берүү министринин кеңешчиси Эдилбек Молдоев мындай тапшырма болбогонун жана бул факт иликтене тургандыгын "Азаттыкка" билдирди. Быйыл Правда айылындагы мектепке тажик улутундагы 18 бала 1-класска бармак. (AzK)