Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Пакистан эл аралык коомчулукка берген жардамы үчүн алкыш айтты


Пакистан тышкы иштер министри эл аралык коомчулукту катуу суу ташкындан жабаркаган пакистандыктарга көрсөткөн жардамдары жана көмөк жиберебиз деген убадалары үчүн ыраазылык билдирди:

- Батыш өлкөлөрү, Европа жана Америка рессесияны баштан кечирип жатып, тилектештик ирети жардам бергени бизди аябай чыйралтты.

Министр Шах Мехмуд Курешинин сөзүнчө, Пакистанга берилген жана убада кылынган жардамдын көлөмү 815 миллион доллардан ашкан. Өлкө тарыхындагы эң жаман суу ташкындан 1, 5 миңден ашуун адам өлүп, 20 миллиондой адам жабыр тартканы маалымдалган.
Дүйшөмбү күнү түштүктөгү Синд провинциясында селдин коркунучунан он миңдеген адамдар там-жайын таштап, коопсуз жайларга качышты.

XS
SM
MD
LG