Филиппиндин байтакты Манилада автомат менен куралданган мурдакы полициячы жүргүнчүлөрдү тарткан автобусту барымтага алды. Барымтага түшкөндөрдүн көпчүлүгү Гонконгдон келген туристтер экени маалымдалды. Ал бир нече сааттан кийин 7 кишини, анын ичинде бир аксакалды, үч аялды жана үч баланы бошотту. Полиция менен барымтачы ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө.