Пакистанда 23-августта эки бомба чабуулунан бери дегенде 21 киши өлдү. Түштүк Вазирстандын борбору Вана шаарындагы мечитте жанкечти жардырган бомбадан 16 киши, анын ичинде парламенттин мурдакы таанымал мүчөсү Маулви Нур Мухаммад да өлдү. 30дан ашуун адам жарадар болду. Бомба студенттер дамыла менен чогуу Куранды окуп жатышканда жардырылган. Дүйшөмбү күнү таң эртең уруулардын башкаруусундагы Курам районундагы Хомса кыштагында бомба чабуулунан 5 киши набыт болуп, 10 киши жараат алган эле. Бу жардыруу уруу аксакалдарынын жыйыны тушунда болгон. “Азаттыктын” Пакистан кызматынын билдиришинче, бул аймакта шиит жана суннит мусулмандары арасында үзбөй кагылышуулар болуп турат.