Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Суу ташкын Пакистандын түштүгүн да каптады


Бүгүн Вашингтондо Пакистандын өкүлдөрү Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги менен өлкөгө экономикалык көмөк көрсөтүү маселесин сүйлөшөт.

Кездешүү акыркы мезгилдеги катуу суу ташкындан 20 миллиондой пакистандык жабыр тарткан тушта өтүүдө.

МВФтин билдиришинче, Пакистандын түндүк батышына чоң зыян келтирип, азыр өлкө түштүгүн коогага салып жаткан табигый апаатка байланыштуу Исламабаддын бюджетин жана экономикасынын келечегин изилдеп көрөт.

Пакистан бийликтери селден түштүктөгү Синдх провинциясындагы 23 райондун 18и же 35 миллион элдин 4 миллионго жакыны жапа тартканын билдирди.

Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму апааттын кесепетинен ич өткөк, безгек, ичеги-карын ооруулары жайылып кетет де кооптонот.

XS
SM
MD
LG