Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Р.Д.Спанта: “АКШнын Пакистанды колдоосу стратегиялык ката”


Ооганстандын улуттук коопсуздук кеңешчиси Ранжин Дадфар Спанта Вашингонду Пакистан менен алакасын кайра карап чыгууга чакырды. Ал Пакистан бир жагынан Ал Каида сыяктуу ислам экстремисттерин колдоп, ошол эле учурда АКШ менен «эки баштуу оюн» ойноп жаткандыгы үчүн күнөөлөдү. Р.Дадфар «Вашингтон пост» гезитине берген маегинде Пакистан полициясы зордук зомбулукка жол ачып, ал болсо Ооганстандагы согуштун уланышына түрткү болууда экендигин, демек батыш Ооганстандагы согушту колдоп жатканын айткан. Спанта ошондой эле Вашингтон стратегиялык өнөктөрдү тандоодо ката кетирип, иш жүзүндө терроризмдин үрөнүн сээп жаткан өлкө менен алака түзгөнүн «стратегиялык жаңылыштык» деп жазган. Пакистан менен Ооганстан ортосунда көп жылдан бери «жасалма алака» орноп, Пакистан талиптерди колдогону үчүн айыпталып келет.

XS
SM
MD
LG