Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Кыргызстандын мектеп окуучулары эл аралык олимпиадалардан байгелүү кайтышты


Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, кыргызстандык окуучулар математика, физика, химия жана биология предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга жана ардак грамоталарына ээ болушту. Астана шаарында өткөн математика боюнча 51-эл аралык олимпиадада Кыргызстандын 6 окуучудан турган курама командасы бир күмүш, эки коло медаль жана 3 ардак грамотасын алышты. Бакуда болгон Менделеев атындагы 44-эл аралык олимпиададан жана химия боюнча Токио шаарында өткөн 642-эл аралык олимпиададан кыргыз окуучулары бир күмүш медаль жана диплом менен кайтышты. Түштүк Кореядагы биология боюнча 21-эл аралык олимпиадада окучулар орто көрсөткүчтөргө ээ болушкан. Хорватияда физика боюнча өткөн олимпиадада кыргыз окуучуларынын командасы 82 мамлекеттин ичинен төртүнчү орунга чыкты. Алар ардак грамоталары менен сыйланышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG