Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

HRW Акыйкатчынын айткандарын четке какты


HRW уюму Ош окуялары боюнча өзүнүн баяндамасына карата Акыйкатчынын билдирүүсүн четке какты. Турсунбек Акун 17-августта УТРК аркылуу бул уюмдун баяндамасы укук коргоочу Азиза Абдирасулова берген маалыматтарга негизделип, бир тараптуу болуп калгандыгын айткан. Акыйкатчыга жолдонгон катта HRW уюму Турсунбек Акундун "Азиза Абдурасулова алардын кызматкерлерин аэропорттон тосуп алып, аларды өзбек маалелеринде коштоп жүргөн" деген маалыматын төгүндөйт.

Уюм А.Абдурасуловадан түштүктөгү окуяларга байланыштуу эч кандай документ албаганын, баяндама даярдалып жатканда ал сурамжылоого катышкан 200 кишинин катарында болгондугун белгилейт. Хьюман Райтс Вотч баяндаманын методологиясын жана андагы жыйынтыктарды кайра карап чыгуу зарылчылыгын көрбөй тургандыгын билдирет.

Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн “Азаттыкка” Хьюман Райтс Вотч уюму негизинен Азиза Абдирасулова баштаган айрым укук коргоочулардын пикирине таянгандыгын, алар сурамжылоого алган 200 киши маалыматы аз болуп, абалды билбей туруп жооп берген деп эсептээрин билдирди. Акыйкатчы ошондой эле бул уюм өзбек тектүү укук коргоочуларынан көбүрөөк маалымат алгандыгын белгилейт. Турсунбек Акун уюмдун катына Филиппинден келгенден кийин жооп берерин билдирди. Учурда ал Филиппинде өтүп жаткан Азиядагы Акыйкатчылардын ассоциациясынын жыйынына катышып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG