Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Гонконг бийликтери өз букараларын Филиппинге барбоого чакырды


Дүйшөмбү күнү Маниладагы барымта кризисинде гонконгдук сегиз турист курман болгон. Кытай туристтердин өлүмүнө өкүнүчүн билдирип, аларды барымтадан бошотуу операциясы кандай өткөрүлгөнүн сындады.

Филиппин президенти Бенигно Акино операциянын жүрүшү илектенет деп убада кылды. Сүйлөшүүдөн майнап чыкпаган соң полиция барымтачыны атып өлтүргөн. Бирок ага чейин барымтачы сегиз туристти атып салып, жетөөсүн жарадар кылган болчу.

Барымтачы кызматтан адилетсиз бошотулдум деген мурдакы полициячы экени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG