Түркмөнстан жана Ооганстан эбактан бери токтоп турган газ куурунун долбоорун ишке ашырмак болушту. “Бейтарап Түркмөнстан” гезитинин кабарлашынча, Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов жана Ооган президенти Хамид Карзай жакын арада телефондон сүйлөшкөндө долбоорду БУУнун Башкы ассамблеясынын сентябрдагы сессиясы учурунда кездешип, талкуулайлы деп макулдашкан. Түркмөнстандан чыккан 1700 чакырымдык газ кууру Ооганстан- Пакистан-Индияны туташтырууга тийиш. Түркмөнстан жана Ооганстан куур куруу жөнүндө 2002-жылы макулдашып, бирок Ооган жериндеги согушка байланыштуу долбоор токтоп калган.