Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

БШК 175 ММКны аккредитациядан өткөрдү


Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу жана үгүт иштерине катышуу ниетин билдирген 175 массалык маалымат каражатын аккредитациядан өткөрдү. Маалыматка ылайык, аккредитациядан өтүү үчүн 178 ММК кайрылышкан, бирок алардын ичинен тиешелүү документтерди тапшыра албагандыктан үч гезит алынып салынган.

Аккредитациядан өткөн 175 ММКнын ичинен 136 – гезит, 33 – телерадио компаниялары, бешөө маалымат агенттиги жана бирөө рекламалык агенттик. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG