Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

WFP: Кыргызстанда дээрлик 1.5 млн киши тамак-аш каатчылыгына кептелген


Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (World Food Programme - WFP) жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда 1 миллион 400 миң киши тамак-аш каатчылыгында жашаары айтылат. Эсептөөлөр боюнча Кыргызстанда жетиштүү тамак ичпегендердин саны жакынкы күндөрү дагы 340 миң кишиге көбөйөт. Булар негизинен турмуш-шарты жакыр адамдар. Алар кыш түшкөндө тамак-аштан үнөмдөгөн акчасын отун сууга, жылуу кийим-кечеге сарптайт.

Ош жана Жала-Абад областарындагы абал өзгөчө тынчсызданууну пайда кылып, тамак-аш коопсуздугу бул аймактарда өтө кыйын абалда. Анткени бул аймактардын жашоочулары жумушсуз, жер иштетип, же базарда соода-сатык кылууга мүмкүнчүлүк жок.

Ал эми Орусиянын тышка буудай чыгарууга тыюу салганы Казакстандагы дандын баасынын өсүшүнө алып келди. Кыргызстан негизинен ушул эки өлкөдөн дан азыктарын сатып алат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанда күтүлгөн кыйын кырдаалдан донорлордун көмөгү гана алып чыгат деген бүтүмүн берет.

XS
SM
MD
LG