Жол каттамдарынан кесилип калган аймактардагы адамдарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Улуттар уюму дүйнө өлкөлөрүн оор жүк ташууга жөндөмдүү тик учактардан дагы кеминде 40ты берүүнү суранды. Пакистандагы адаттан тыш селден, Улуттар уюмунун эсебине караганда, ар кандай деңгээлде 17 миллион киши зыян тартты, 1 миллион 200 миңдей турак үй талкаланды.