Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынын билдиришинче, Түркия ооруканага көрсөтүлчү жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн атайы эксперттик тобун жөнөтөт. Бул туурасында Ошто жүргөн түрк делегациясынын башчысы Хаккы Акил билдирген.
Быйыл бул оорукананын иштеп жатканына 125 жыл болот. Оорукананын дарыгерлеринин айтымында, андагы медициналык жабдуулардын 80 пайызы совет доорунан калган. Мекемеде жыл сайын 35 миң киши дарыланып чыгат. Түштүктөгү июнь окуяларында жарадар болгондордун басымдуу бөлүгүн облус аралык оорукана кабыл алган. (AzK)