Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Р. Отунбаева жапон парламентинин өкүлдөрүн шайлоого байкоочу болууга чакырды


Президент Роза Отунбаева бүгүн жапон парламентинин өкүлдөрү Нобухико Суто жана Наото Сакагучини кабыл алды. Жолугушууда Р. Отунбаева өлкөдөгү абал туурасында кыскача маалымат берип, парламенттик шайлоого карата дарядыктар тууралуу айтып берди.

« Азыр тарыхый учур болуп турат. Жаңы саясий система жаралууда. Биз мамлекетибиздин жаңы тарыхын жасап жатабыз. Биз шайлоону таза, акыйкат, эң негизгиси - административдик ресурстарды колдонбой өткөрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз”,- деди президент.

Тараптар мындан тышкары келечекте парламенттер аралык кызматташтыкты жандандыруу маселелерин талкулашты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG