Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Ирактагы соңку кол салуулардан кеминде 40 киши каза тапты


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бүгүнкү жардыруулардан дагы ондогон адам жаракат алды. Чабуулдардын эң кандуусу Багдаддын түндүк ыптасында болду. Ал жерде жанкечти, полиция бекетинин сыртында жасаган жардыруудан кеминде 15 адам өлдү. Алардын тогузу жөн- жай тургундар. Мындан сырткары 15 адам Багдаддын түштүк тарабындагы Кут деген шаарда каза тапты жана алардын көпчүлүгү полиция офицерлери. Бул жерде бомбаланган автоунаа паспорт берүүчү мекеменин жанында жарылган. Адам өмүрүн кыйган калган кол салуулар Кербала, Басра, Мухдадия деген шаарларда болду.

XS
SM
MD
LG