Иракта бир учурда болгон бир нече жардыруудан кеминде 50 киши набыт кетти. Ирактын Кут шаарындагы жардырууда 19, Багдаддагы катарлаш ишке ашкан жан кечтилер жардырган бомбадан 15 киши өлдү. Өлкөнүн дагы бир канча шаарларында коопсуздук күчтөрүнө каршы кол салуулар болгону маалымдалды. Расмий тараптардан кол салууларга Ал Каида тобунун бөлүгү саналган «Ирак ислам өлкөсү» кыймылынын тиешеси бар деген божомол айтылууда.