Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:47

Бүгүндөн тарта ун азыктары арзандашы мүмкүн


Ун чыгаруучу ишканаларга 23-августтан 25-августка чейинки аралыкта акыркы мезгилде килограммына 4 сомдон 7 сомго чейин кымбаттап кеткен ундун бааларын төмөндөтүү тапшырмалары берилген. Коюлган талап боюнча бүгүндөн баштап базарлардагы ун наркы кайра баштапкы калыбына келиши керек. Эгерде белгиленген шартка ынабаган ишкерлер болсо, анда алардын ортодо бааларды жасалма жогорулатуудан тапкан кирешелерин мамлекеттин казынасына чегерүү чаралары көрүлөт. Бул тууралуу Монополияларды жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Бабырбек Жээнбеков билдирет.

Жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ун базарында бирдей деңгээлдеги атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн түзүү максатында атайын токтом кабыл алынып, мурда сырттан келип жаткан буудай унунун килограммына 3 сомдон мамлекеттик алымдар алынган болсо, эми мындан ары 1 сомдон гана алынмакчы. Бул иш-чара сырттан буудай алып келчү ишкерлерди колдоо жана ун азыктарынын баасын бир калыпта кармоо максатында жасалды. (IJz)

XS
SM
MD
LG