Кыргызстандын тоолуу аймактарында жайгашкан бир катар көлдөр өз нугунан чыгып же тосмолорун жарып кетип, төмөндө жайгашкан эл жашаган аймактарды каптап кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин директорунун орун басары Аманбай Сарногоев билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин тоолуу көлдөрдү изилдөө иштери жүргүзүлгөн жана ушул тапта Чүй өрөөнүндө 15 көл, Ысык-Көл облусунда беш көл, Нарын облусунда үч көл төмөндөгү аймактарды каптап кетүү коркунучунда турат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Жарандарды коргоо жөнүндө” деп аталган мыйзамга ылайык кооптуу аймактардагы калкты көчүрүүнүн планын иштеп чыкмакчы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кечээ өткөн кеңешмесинде айрым адистер Чүй облусундагы эң эле кооптуу көл Ала-Арча капчыгайынын жогору жагындагы “Адегене” көлү экендигин айтышкан. Буга байланыштуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясын жана ошол аймактардагы айылдарды көчүрүү планын иштеп чыгуу керектиги айтылган. (IJz)